super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020": Акжол Махмудовдун салмагында кимдер фаворит экени айтылды

 

Июль айында баштала турган "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күрөштүн грек-рим түрү боюнча 77 килограмм салмакта 4 балбан фаворит болуп эсептелет. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюму расмий сайтына жарыялады.

Андагы маалыматта, "Токио-2020" Олимпиадасында 77 килограмм салмакта биринчи номурда венгриялык 34 жаштагы Тамаш Лёринц жайгашты. Экинчи номурда швециялык Алекс Кессидис жайгашса, үчүнчү орунга армениялык 27 жаштагы Карапет Чалян, ал эми төртүнчү номурга ирандык Моххамед Гераи жайгашты.

Грек-рим күрөштөн 77 килограмм салмакта "Токио-2020" Олимпиадасына Кыргыз өлкөсүнүн атынан Акжол Махмудов катышат. Ал жолдомону быйыл Алматы шаарында өткөн лицензиялык турнирде жеңип алган.

Олимпиадага катыша турган балбандардын номурлары бир нече рейтингдик турнирлердеги көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн дүйнөлүк рейтингге ылайык тандалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: