"Териштиребиз". Түшүнбөстүктү жараткан казак вакцинасы тууралуу министр жооп берди
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын вице-премьер-министри QazVac вакцинасы тууралуу айтканына түшүнбөй калганын билдирди. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканыбызда айтты.
"Биз Казакстандын Кыргыз өкөсүндөгү элчиси менен сүйлөшкөнбүз. Өндүрүшчүлөр менен беребиз деп айткан. Кечээ ооруп, сүйлөшө алган жокмун, бүгүн териштиребиз", - деп билдирди Бейшеналиев.
Буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев коңшу Казакстан QazVac вакцинасынын 50 миң дозасын Кыргыз өлкөсүнө жардам иретинде жөнөтөрүн билдирген. Ал эми эртеси маалымат жыйында министрдин билдирүүсүнө жооп катары Казакстандын вице-премьер-министри Ералы Тугжанов казак вакцинасы август айынын аягынан баштап гана ири көлөмдө чыгарыла тургандыгын, андыктан жакынкы аралыкта аны башка өлкөлөргө жеткиришпей турганын айткан.


1 |