super.kg logo

Арасында 4 жашар бала бар. Ошто дарыяга түшүп кеткен унаадагы жүргүнчүлөр изделүүдө

 
Ошто Тар дарыясына түшүп кеткен үч адам изделүүдө. Алардын арасында 4 жашар бала бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 24-июнда саат 22:18 чамасында Көңдүк айылында Асыран Бий көпүрөсүнөн Хёндай Портер унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, Тар дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде 5 адам болгон.
"Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар 1980-жылы туулган Ж.Т. (айдоочу) жана 2008-жылы туулган А.К. аттуу кызды куткарып калган. Ал эми 1984-жылы туулган М. Г., 2017-жылы туулган А.Ф. жана 1993-жылы туулган М.Э. дайынсыз болуп, изделүүдө.
Бүгүнкү издөө иштерине 25 куткаруучу, ИИМден 35 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылды", - деп билдиришти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: