4 ай аралыгында катталган кылмыштардын басымдуу бөлүгү Бишкекте жана Чүйдө жасалган
Ушул жылдын январь-апрель айларында өлкөдө 17 миң 500 кылмыш катталды, бул өткөн жылдын январь-апрелине салыштырганда 31 пайызга көп. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматына таянып, Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Комитеттин маалыматына ылайык, кылмыштардын басымдуу бөлүгү (60 пайызга жакыны) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган. 2 миңден ашыгы же 11 пайызы оор жана өзгөчө оор кылмыштар болгон.
Кылмыштардын негизги бөлүгүн менчикке каршы кылмыштар түзгөн. Өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу өлкө боюнча алардын саны 42 пайызга, анын ичинде алдамчылык 1,7 эсеге, уурдоо 30 пайызга, тоноо 10 пайызга өскөн.
Адамга каршы кылмыштардын саны 23 пайызга көбөйгөн. Адам өлтүрүү 21 пайызга, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу 17 пайызга, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү 11 пайызга көбөйгөн.
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 21 пайызга, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары 2,3 эсеге жана паракорлук 14 пайызга өскөн.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын саны 29 пайызга көбөйгөн. Алардын 55 пайыздан ашыгы баңгизаттарды сатуу максатында сактоо менен байланышкан жана 43 пайызга жакыны баңгизаттарды сатууну максат кылбастан сактоо менен байланышкан.
Кылмыштардын санынын өсүшү эң көп Ысык-Көл облусунда (2,6 эсеге), Ош шаарында жана Нарын облусунда (1,5 эсеге) байкалган.
