Караколдо жүргүнчү ташыган унааларга видеорегистраторлор орнотулууда





Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташыган автоунааларга видеорегистраторлор орнотулууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жабдыктар жайкы туристтик мезгилде жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо, коомдук транспорттордо кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында коюлуп жатат. Караколдун милициясы айдоочуларга видеорегистраторлорду орнотуунун маанилүү жактарын да түшүндүрүүдө.
"Облустун борборунда жүргүнчүлөрдү ташуу менен беш ишкананын 385 кичи автобусу жана 20 автобусу бар. Калаада күн сайын 55 кичи автобус каттайт. Мындан тышкары аймактар жана облустар аралык каттамдар жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө аталган ишканалардын унааларынын 75 пайызы жогорудагы видеорегистратор менен жабдылган.
Видеорегистратор — жарандарыбыздын коопсуздугун сактоодогу натыйжалуу чара. Жабдууларды орнотуу менен уурулукка каршы күрөшүүгө, мүлктү бузган жүргүнчүлөрдү табууга жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда чыр-чатактарды жөнгө салууга жардам берет. Айдоочулар да жол эрежесин бузуудан этият болушат. Ошондой эле күнөөлүү адамдарды аныктоого көмөктөшөт", - деп жазылат маалыматта.
Видеорегистратор автоунаанын жолдо бара жаткан кыймылын жана салондун ичиндеги абалды бир эле учурда көзөмөлдөйт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.