"Эрежелерди сактагыла". Бишкекте 5 ай ичинде велосипедчен жарандарды сүзүп кеткен 17 факты катталды
Бишкек шаарынын аймагында жыл башынан тарта май айына чейин велосипед айдаган жарандарды сүзүп алгандыгы боюнча 17 жол кырсыгы катталып, 18 жаран ар кандай жаракаттарды алышкан.
"Бул жол кырсыктарына велосипед айдаган жарандардын дагы жол эрежелерин так сактабагандыгы себеп болууда. Велосипед транспорттук каражат болуп саналат, бирок ал толук кандуу унаа эмес, ошондуктан велосипедчен атайын велосипед трассалары боюнча же жүрүүчү бөлүктүн четинде жүрүүгө тийиш", - деп айтылат билдирүүдө.
Велосипед менен жүрүүдө төмөнкү эрежелерди так сакташы керектиги көрсөтүлгөн:
– бир колу эмес, сөзсүз эки колу менен велосипедди башкаруу;
– жаш балдарды муктаждык болбосо кошумча орунга отургузбоо;
– велосипед менен кошумча жүк ташыбоо;
– жеке коопсуздук үчүн башка жөө жүргүнчү жана унаа башкарып келе жаткан айдоочуларга жолтоо болбош үчүн жөө адамдар өтүүчү жайлардан өтүүдө велосипедден түшүп жетелеп өтүү;
— түнкү убакта жүргөн учурда атайын жарык берүүчү чыптамалар менен же жарыктандыруучу шаймандарды колдонуу.
Бишкекте 5 ай ичинде велосипедчен жарандарды сүзүп алуу боюнча 17 факты катталды

