super.kg logo

Кыргыз футболдук союзу жана "Joma" компаниясы Баткен облусуна кайрымдуулук катары спорттук кийимдерди тапшырышты

 

24-июнда биздин көп убакыттан берки өнөктөшүбуз жана техникалык демөөрчүбүз "JOMA" компаниясынын жаңы филиалынын ачылышы өттү.

Ачылуу иш-чаранын жүрүшүндө эки маанилүү окуя болду. Анда "Joma" компаниясынын Испаниядагы өкүлү Роман Олюхныч, Кыргыз футболдук союзунун коммерциялык директору Эмил Кутманов жана Баткен облусунун аймактык өкүлү Айбек Ражапов чек арадагы окуяларга байланыштуу Баткен облусуна кайрымдуулук иретинде балдар спорттук кийимдерин тапшыруу аземи өттү.

Роман Олюхныч: "Биздин компания көп жылдар бою Кыргызстандагы футболго өнөктөш болуп келет. Акыркы окуялар бизди көңүл кош калтырган жок. Мындай окуялар бири-бирибизди колдоого чакырат экен. Баткен облусуна спортту колдоо жана жайылтуу иретинде жүргүзүп жатабыз. Кыргыз футболдук союзуна кызматташып жатканыбызга ыраазычылык билдирем, биздин чоң жеңиштерибиз алдыда" - деп белгиледи.

"Joma" компаниясына өлкөбүздөгү окуяларга көңүл кош калтырбай жаткандыгына да ыраазычылык билдиребиз. Бул албетте, чоң кадам. Кыргызстандагы футболго колдоо көрсөтүп жаткандыгыңыздарды баалайбыз, келечекте да көп убакыт бою кызматташабыз деп ишенем", - деди Эмил Кутманов.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө "Легенда" соода маркасынын титулдук демөөрчүсү менен Улуттук курама команданын параддык формасы көрсөтүлдү.

"Эми "Легенда" соода маркасынын Кыргызстан курама командасынын экипировкасында жайгаштырылат. "Шоро" компаниясы эзелтен Кыргыз футболдук союзунун жана Улуттук курама команданын өнөктөшү болуп келет. Биз команда менен ар дайым чогуубуз - жеңилгенде да, жеңиште дагы", - Шоро ЖАКнын компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн башчысы Марсель Арыстанбеков.

Иш-чарага Улуттук курама команданын оюнчулары Мирлан Мурзаев, Айзар Акматов жана Александр Мищенко катышты. Футболчулар күйөрмандарга ыраазычылык билдирип, ар кандай сынактарга катышты. Иш-чараны Нурсултан Курсунали уулу алып барса, Айым Айылчиева баарыбызга белгилүү "Сүрөөн" ырын ырдады.

Бардык катышуучулар сынактарга катышып, "Joma", "Шоро" жана Кыргыз футболдук союзунун белектерине ээ болушту.

"Joma" дүкөнүнүн жаңы филиалы Асанбай кичи району 8/3 дарегинде жайгашкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: