Лебединовкада 26 жаштагы кыздын уурдалышы: Иш жабылды
Чүйдүн Лебединовка айылынан 26 жаштагы кызды уурдоо фактысы боюнча иш жабылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Дайындалган бардык экспертизанын жыйынтыгы чыккан соң сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.
Эске салсак, 6-майга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 2001-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда 5-май күнү болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз жарандар Лебединовка айылында жайгашкан соода түйүндөрүнүн биринин алдынан арыз ээсинин эжесин Тайота-Эстима үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка уурдап кеткендигин жазган.
Кийинчерээк аны уурдоого шектелген 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров изделип жаткандыгы белгилүү болгон.
6-май күнү кечинде социалдык тармактарда уурдалды делген Изат Курбанова өз эрки менен кеткендигин айтып, ата-энесине кайрылуу жасаган видео тараган.
Кыз 7-май күнү милиция кызматкерлери тарабынан Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.
12-май күнү кызды уурдоого шектелген жигит Аламүдүн райондук милицияга өзү келген. Тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң ал бошотулган болчу. Ал эми кыз уурдалбаганын билдирип, уурдоо фактысы боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.
