super.kg logo
  Саясат  

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлду

 

Президент Садыр Жапаров «Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматын жоюу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин мамлекет башчысы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууда жакында УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюларын билдирген.

"Президент Садыр Жапаров экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, сот жана укук коргоо органдарынын иши өркүндөтүлөт деп бир нече жолу айткан. Биринчи кезекте мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсү азайып, ишкерлерге жагымдуу чөйрө түзүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалат.

УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын жоюлушу бул багыттагы чечкиндүү кадамдардын бири экени белгиленген.

Ушул Жарлыкты аткаруу максатында министрлер кабинетине жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине зарыл болгон уюштуруу чараларын көрүү тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: