super.kg logo

Садыр Жапаров Монголиянын жаңы шайланган президентин кызматына киришүүсү менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров Ухнаагийн Хурэлсухту Монголиянын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

“Сиздин бай тажрыйбаңыз жана жогорку кесипкөйлүгүңүз монгол элинен чексиз колдоо таап, дүйнөлүк коомчулуктун татыктуу сыйлоосуна жана урматына ээ болдуңуз. Сиз терең билимиңиз жана саясий тажрыйбаңыз менен Монголиянын өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө өз салымыңызды кошосуз деп терең ишенем.

Кыргыз-монгол эки тараптуу байланыштарын тереңдетүү үчүн бизде бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Кыргыз өлкөсү Монголия менен достук жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар деп баса белгилейм”, - деп айтылат куттуктоодо.

Садыр Жапаров Ухнаагийн Хурэлсухка чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишине албан ийгиликтерди, ал эми ынак достук мамиледеги Монголия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: