Казакстанда өлкөгө мыйзамсыз бензин алып келе жаткан кыргыз жүк ташуучу унаасы кармалды




Коңшу Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жүк ташуучу унаасы кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, унаа 10-июнда Жамбыл облусундагы "Айша Биби" өткөрмө пунктунан чек арачылар тарабынан кармалган. Жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда документте көрсөтүлгөн башка суюк заттын ордуна АИ-80 бензини бар экени аныкталган.
"Мыйзам бузуучулар коңшу республикага жалпысынан жети миллион теңгеге жакын 55 тонна күйүүчү май ташууну каалашкан. Белгиленгендей, бензинди Тараз шаарынан алып чыгышкан. Ал эми товарды коңшу мамлекеттин жеке ишкери алышы керек болчу", - деп жазылат маалыматта.
Бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:25
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
rahat73.

26.06.2021. 17:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүңөр киргизе албасаңар жөн койгула да толтуруп салсын арзан бирөөңөрдүң бизнесинерди коргош үчүн ушундай кылып жатасыңар киргизсин көбүрөөк арзан болот
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.