Стамбул: "Толгондон экөө". Эки кыргыз балбаны жарым финалда бири-бири менен кез келип калды
Алмаз Сманбеков


Алмаз Сманбеков

Бекболот Мырзаназар уулу
Бүгүн, 25-июнда Түркиянын Стамбул шаарында "Yasar Dogu" аттуу эл аралык турнир старт алды.
Анда 57 килограмм салмакта Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча эки балбан, тагыраагы Бекболот Мырзаназар уулу менен Алмаз Сманбеков катышкан. Эки кыргыз балбаны мелдештин жарым финалына чейин жетип, жарым финалда бири-бирине туш келип калышты.
Бул эки балбан быйылкы өлкө чемпиондугунда финалда кез келип, 5:1 эсебинде Бекболот Мырзаназар уулу жеңүүчү аталган.
Мындан тышкары, турнирдин жарым финалына 65 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмонов чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Belek1710

25.06.2021. 23:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толгондон экөө түшүнбөдүм мен?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.