super.kg logo

Бишкекте жол эрежелерин сактабаган жөө адамдарга 1000 сомдон айып салынды

 

Бишкекте "Пешеход" аталышындагы 2 күндүк рейддик иш-чара учурунда 1776 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

"Жыл башынан тартып май айына чейин Бишкек шаарынын аймагында 542ден ашуун жөө адам катышкан жол кырсыгы катталып, 558ден ашуун жаран ар кандай жаракаттарды алышкан. Жөө адамдар катышкан жол кырсыктарын эске алуу менен кайгуул кызматкерлери "Пешеход" аталышында атайын иш-чара өткөрүп, бир катар жол эрежелерин бузуу фактыларын аныкташты", - дешти мекемеден.

2 күн ичиндеги мыйзам бузуулар:

- Айдоочулар жөө адамдарды өткөрбөй койгондугу үчүн 80 протокол толтурулуп, ар бирине 3 миң сомдон айып салынды;
- Жөө адамдар жөө өтмөктөн өтпөстөн, жолду кесип өткөн учурлар боюнча 140 протокол толтурулуп, ар бирине 1000 сомдон айып салынды;
- Спирт ичимдигин ичип алып унаа башкаргандар 26 протокол;
- Айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаргандар 32 протокол;
- Башка жол эрежелерин бузуулар 1 миң 498 протокол;
- 137 автоунаа ар кайсы жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып короо жайына токтотулган.

Милициянын кайгуул кызматы коопсуздук үчүн жол эрежелерин так сактоого чыкырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: