super.kg logo

АКШда Жорж Флойддун өлүмүнө айыпталган полиция кызматкери эркинен ажыратылды

 


Бир жыл мурда теги африкалык болгон америкалык жаран Жорж Флойд полиция кызматкерлери тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөн. Айыпталуучу 22 жарым жылга эркинен ажыратылды.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, АКШнын Миннесота штатында мурдагы полиция кызматкери Дерек Шовин Жорж Флойддун өлүмүнө айыптуу деп табылды.

"Сот аны 22 жарым жылга эркинен ажыратты. Бул мөөнөт мындай кылмыш үчүн кабыл алынган мөөнөттөн он жылга көп. Судья Питер Кэхилл соттун өкүмү айыпталуучунун кызмат абалынан жана ишенимди кыянаттык менен пайдаланганына, ошондой эле Флойдго карата өзгөчө ырайымсыздыгына таянуу менен чыкканын билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, былтыр, 25-майда теги африкалык болгон америкалык жаран Жорж Флойд полиция кызматкерлери тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөн. Мындан улам АКШнын көптөгөн шаарларында нааразычылык акциясы күч алып, баш аламандык жаралган.

Миннеаполис шаардык кеңеши маркумдун үй-бүлөсүнө 27 миллион доллар компенсация төлөп берүү чечимин кабыл алган. Флойддун жакындары компенсация чечимине ыраазы болушканы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
26.06.2021. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ана чындык
26.06.2021. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ооба, накта чындык. Бизде милиция, прокурор, врачтардын кылмыш кылып камалганы эч качан болгон эмес. Ишинен четтеп коет и все. Мисалы көп болду канча экенин билбейм көп эле кичинекей балдарга кан куюп СПИД болуп калышкан ошончо бала, СПИД болгондо да. Ошолорду ишинен айдап эле коюшкан болду кийин кайра иштеп жатышат дешкен. Заман бүзулду, эл бузулду чындык жок, акыйкат жок бизде.
26.06.2021. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакында эле Ыссык-Көлдө болду го, 3 адамдын өмүрүн алды, кызматтан четтетилди, болду калганын бир Кудай билет соттун чечимин.
26.06.2021. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Американы бир силкинтти эле бул окуя
28.06.2021. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына закон бирок Эл которулбогондо мынча коп жыл албаса керек эле.Биздагы бир окмоттук орган ката кетирсе жалпы Эл чогулуп турсак ошондо тартип орномок.Врач млиция сестенип турмак.
28.06.2021. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда кечээ жакында бир азербайжанды орум полициясы башына атып өлтүрдү. Жөн эле атып салды. Мыйзам орустарга иштебейт, себеби ал жерде мигрант эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: