super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркмөнстанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) эки күндүк расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Иш сапарынын алкагында өлкө башчы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлайт.

"Жолугушууда эки жана көп тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара байланышуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо мерчемделген. Мамлекет башчысы ошондой эле кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышып, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсү менен таанышат.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Түркмөнстандын туңгуч президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана "Turkmenbashynin Ruhy Metjidi" мечитине барат. Ошону менен бирге Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коёт", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

- тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;

- Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;

- транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

- өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

- энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: