super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Түркмөнстандагы иш сапарын мечитке зыярат кылуудан баштады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда Түркмөнстанга расмий иш сапары менен барды. Мамлекет башчынын учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, Садыр Жапаровду траптан Түркмөнстандын энергетика министри Чарымурад Пурчеков тосуп алды.

Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиргендей, Садыр Жапаров иш сапарын Түркмөнстандын туңгуч президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана "Turkmenbashynin Ruhy Metjidi" ("Түркмөнбашынын рухий мечити") мечитине зыярат кылуудан баштады.

"Садыр Жапаров ардактуу кароол ротасынын коштоосунда Сапармурат Ниязовдун 1948-жылы Ашхабаддагы жер титирөөдө каза болгон энеси менен эки бир тууганынын элесине арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар койду. Сапармурат Ниязов өзү да ушул жерге коюлган.

Түркмөнстандын муфтийи Ялкап Хожагулыев каза болгондорго багыштап куран окуду.
Алардын жаркын элесине таазим эткен соң, мамлекет башчысы 10 миңдей адам бата турган өлкөдөгү эң чоң мечит – "Түркмөнбашынын рухий мечити" менен таанышты.

Андан кийин Садыр Жапаров Түркмөнстандын эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коюп, бул жердеги ардактуу меймандар аллеясына бак отургузду. Аллея Түркмөнстандын жүргүзүп жаткан тынчтык, достук жана ынак коңшулук саясатын символдоштурат", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: