super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020": Япония 6 өлкөнүн спортчуларына Олимпиадага катышууну катаалдантат

 

Быйыл жайында Япониянын борбору Токио шаарында өтө турган XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары 1-июлдан тарта бир катар өлкөнүн спортчулары үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин катаалдаштырууну пландап жатышат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, уюштуруучулар коронавирус инфекциясынын жаңы "Дельта" түрүнө байланыштуу Индия, Мальдив аралдары, Шри-Ланка, Ооганстан, Пакистан жана Непалдын спортчуларына жана аларды коштогон адамдарга жаңы эрежелерди киргизет. Анда аталган өлкөнүн өкүлдөрү Японияга учуп келгенден кийин үч күн сайын тест тапшырып турушат.

Мындан тышкары көрсөтүлгөн мөөнөттө спортчуларга өз мамлекеттеринин курама командаларынын спортчуларынан жана машыктыруучуларынан тышкары, башка жарандар менен байланышууга тыюу салынат.

Коронавирустун "Дельта" аттуу жаңы түрү март айында Индиянын Махараштра штатында табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: