super.kg logo

Араванда 12 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип өспүрүм кармалды

 

25-июнда Ош облусунун Араван районунда 12 жаштагы бала киши колдуу каза болгон. Аны өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-июнь күнү аталган кылмыш ишине шектүү катары 16 жаштагы Ю.А. аттуу бала кармалды.

"Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө маркумдун жашаган үйүнөн жалпы суммасы 900 миң сомго жакын накталай акча каражаттары жоголгондугу аныкталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, Юсупова айыл аймагынан бактын ичинде далил буюм катары уурдалган акчалардын 783 миң 500 сом акча каражаттары табылып алынган.

Ошондой эле 16 жаштагы шектүүнү Араван райондук социалдык кызматкери жана таятасынын катышуусунда сурак кылуу учурунда, ал 25-июнь күнү Юсупова айыл аймагындагы үйдөгү тууганынын акчасын уурдап жатканда жээни көрүп калгандыктан, кылмышты жашыруу үчүн аны өлтүргөндүгүн толугу менен моюнга алган", - деп билдиришти облустук милициядан.

Ошол себептүү 16 жаштагы бала бүгүн, 28-июнь күнү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.06.2021. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаштар эмне болуп баратат?! Интернеттин өнүккөнүбү,игралардын кесепетиби же ата-эненин тарбиясы жоктугубу? Урматтуу ата-энелер балдарга туура тарбия бериңиздер,сиздер аларга үлгү болуңуздарчы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: