super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө эли дагы бир коркунучка кабылышы мүмкүн экенин эскертти

 
Мелита Вуйнович

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Орусиядагы расмий өкүлү Мелита Вуйнович коронавирустун жаңы дельта аттуу түрү жайылып жаткандыгына байланыштуу дүйнө эли дагы бир коркунучка кабылышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал орус басылмаларынын бирине берген маегинде билдирген.

"Биз жарандарды эмдөөгө алып, бет кап режимин киргизишибиз керек. Анткени дельтага каршы вакцина жетишсиз. Биз кыска убакыттын ичинде чукул аракеттерди көрүшүбүз керек. Антпесе дүйнө эли дагы бир коркунучка кабылышы мүмкүн", - деген Вуйнович.

Анын айтымында, адамдарды эмдөөдөн өткөрүү зарыл. Себеби эмдөө вирус жугуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Мындан тышкары Вуйнович дельта плюс штаммына байланыштуу кырдаал кооптондуруп, вирус ылдам жайылып жаткандыгын баса белгилеген.

"Дельта штаммы көптөгөн клеткаларды жабыркатат. Бул адамдарга өтө тездик менен жугушу мүмкүн. Биз эң жогорку деңгээлди көрө элекпиз, бирок вирус ылдамдап баратат", - деген ал.

Коронавирустун дельта деп аталган түрү Индияда былтыр октябрда табылган. Бул штамм бүткүл дүйнөгө жайылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: