super.kg logo

Ошто сууга түшүп кеткен 4 жашар кыз менен 10 жаштагы баланы издөө убактылуу токтотулду

 

22-июнь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 10 жашар бала Казык жайлоосунда Казык суусуна түшүп кеткен. Ал Ой-Тал айылынын тургуну болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган Казык суусу Тар дарыясына куйганына байланыштуу Асыран-Бий көпүрө тилкесинде сууга түшүп кеткен Porter унаасынын ичинен агып кеткен 4 жашар кыз менен бирге изделип жатат.

Кечээ, 28-июнь күнү Тар дарыясынын агымы чоң жана кооптуу болгондугуна байланыштуу издөө-куткаруу иштери суунун деңгээли түшкөнгө чейин убактылуу токтоп турат. Натыйжада издөө иштери убактылуу токтотулду.

Эске салсак, 24-июнда Оштогу Тар дарыясына Хёндай Портер унаасы түшүп кеткен. Анда 5 адам болгон.

Анын ичинен 2 адам (1980-жылы туулган эркек адам, 2008-жылы туулган кыз) куткарылган. 25-июнь күнү 2 аялдын (1984-жылы туулган, 1993-жылы туулган) жансыз денеси суудан табылган. Ал эми 2017-жылы туулган кыз дайынсыз болууда.

Кечээ, 28-июнда издөөгө ӨКМден 19 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: