super.kg logo

ККМ-онлайн: Ишкерлер эмнени билиши керек?

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 1-июлунан тартып өлкөдө ККМди колдонуу жаңы стандарттарга ылайык жүргүзүлөрүн эскертет. Ушул күндөн баштап салык органдарында катталган, фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү функциясы жок кассалык машинанын эски үлгүлөрү колдонулбайт.

Ушуга байланыштуу Салык кызматы ККМ-онлайн режимин колдонуу боюнча көп берилген суроолорго жооп берет.

ККМди ким колдонушу керек?

Соода жана коомдук тамактануу түйүндөрү, дарыканалар, авиакассалар, май куюучу жайлар, интернет дүкөндөр жана башка Кыргыз Республикасынын аймагында калк менен эсептешүүлөрдү (накталай / нак эмес) жүргүзгөн субъекттер (уюм / жеке ишкер).

ККМди колдонуп жаткан субъект үчүн кандайдыр бир артыкчылыктар барбы?

ККМди колдонуу – субъектти кассалык отчёттуулуктун бүткүл топтомун каттоодон жеңилдетет (бирок "баштапкы" кассадан эмес). Субъекттин өз кызматкерлерин аралыктан көзөмөлдөөсүнө мүмкүнчүлүк берет, салык органдарынын текшерүү жүктөмүн азайтат жана акчалай эсептешүүлөр менен иштеген салык төлөөчүлөрдүн ачык-айкын иш-аракеттерине көмөктөшөт.

Жеке ишкерлерге кайсы ККМ ылайыктуу?

ККМ моделдеринин классификациясы кеңейди, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга берилген бардык ККМ ишинин түрүнө жана сооданын көлөмүнө жараша орто жана чакан бизнес үчүн ылайыктуу.

Программалык (виртуалдык) ККМ деген эмне?

Бул компьютерде, планшетте же смартфондо иштей турган программалык продукт. Кассалык чекти берүү үчүн программаны жүктөп, дүмүрчөк принтерин туташтыруу жетиштүү. Коюлган техникалык талаптар өзгөргөн учурда программалык камсыздоонун ККМ жаңыртуу оңой. Программалык ККМди жүктөө бекер, бул аппараттык ККМ жабдыктарына эң арзан альтернатива.

Ишкердик субъект кандай ККМди колдонушу керек?

Кыргыз Республикасында колдонуу үчүн ККМ реестрине киргизилген, Салык кызматынын сайтында жайгаштырылган ККМ моделдерине уруксат берилет. Колдонулуп жаткан ККМ белгиленген техникалык талаптарга толугу менен жооп бериши керек.

KKM колдонууну кантип баштоого болот?

1) аккредитацияланган операторлордун тизмесинен ОФД тандоо;

2) KKM сатып алуу (аппараттык / программалык);

3) кызмат көрсөтүү үчүн ОФД менен келишим түзүү;

4) ОФД/ТТБ/ЛК арыз берүү жолу менен кассаны каттоодон өткөрүү.

Интернет байланышы үзүлүп калса эмне болот?

Бул учурда ККМдин техникалык мүнөздөмөлөрү кассалык операциялар боюнча маалыматтарды 24 саат бою коопсуз сактоону камсыз кылат. ККМ кассалык квитанцияга "Сервер менен байланыш жок" деген билдирүүнү басып чыгарат, жөнөтүлбөгөн квитанцияларды сактайт жана байланыш калыбына келтирилгенден кийин, бардык топтолгон квитанцияларды чыгарып берет.

Эгерде жеке ишкердин жалданма жумушчулардан турган штаты болсо же андай болбосо, ККМди колдонуунун өзгөчөлүктөрү кандай?

Жалданма жумушчулардан турган штаты бар субъект тарабынан кассалык машиналарды колдонуу өзгөчөлүгү, кассалык машиналардын саны кассалык сатуу пункттары менен бирдей болушу керек. Канча касса болсо, ошончо ККМ. Субъектке ар бир ККМ, анын объектисинин жайгашкан дареги боюнча катталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: