super.kg logo

"Чыгашанын суммасы 425 миллиард теңге". Казакстанда газдын баасы чыгашалуу деп табылды

 

Казакстанда 2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 30-июнуна чейинки мөөнөттө ички рынокто товардык газды дүң баада сатуу чеги бекитилди деп маалымдады Казакстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Бекитилген баанын чеги регионго жараша орточо 11 пайыза жогорулады. энергетика министринин буйругун азырынча көрүүгө мүмкүнчүлүк жок, бирок региондор боюнча сунушталып жаткан өзгөрүлгөн баалар документтин долбоорунда сунушталган.

Мекемеден баалардын өсүү себептерин түшүндүрүштү. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, региондорду жана жалпы өлкөнүн аймагын өзүнчө алып караганда, энергетика коопсуздугун камсыз кылган стратегиялык мааниге ээ газ инфраструктурасынын эксплуатацияланган 70 пайыз бөлүгүнүн иштөө мөөнөтү 40 жылдан ашып кеткен деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. Товардык газды дүңүнөн сатуудагы баасын мамлекеттик жөнгө салуу маселесин Энергетика министрлиги тескейт, ал эми чекене бааны Улуттук экономика министрлиги тескейт.

Ички рыноктогу газдын акыркы баасын кармап туруу үчүн «КазТрансГаз» АКу жыл сайын экспорттун эсебинен өлкөнүн ички рыногун субсидиялайт. 2015-2020-жылдар аралыгында улуттук оператордун ички рынокту субсидиялоо чыгымдарынын суммасы орточо 425 миллиард теңгени түзгөн.

Товардык газга болгон дүң баанын чеги акыркы жолу 2019-жылдын 1-январында түзөтүлгөн, анда ал регионго жараша 3,8ден 17,5 пайыздын тегерегинде төмөндөтүлгөн жана азыркы убакка чейин көтөрүлгөн эмес.

Энергетика министрлигинен кошумчалашкандай, ички рынок үчүн бекитилген азыркы товардык газдын дүң баа чеги жеткирилген газдын өздүк наркынан төмөн. Ар кайсы облустарда бекитилген дүң баа өздүк нарктан 1,5-2,5 эсе төмөн.

"Эгерде товардык газды сатуудагы дүң баанын чеги азыркы деңгээлде сакталып калса, улуттук оператордун чыгымдары мындан ары өсүп, инвестициялык программалардын аткарылбай калышы – акырында газ өткөргүчтөрдөгү дефекттердин кескин өсүүсүнө алып келиши мүмкүн, бул өз учурунда өлкө үчүн түзөлбөс чыгымга алып келмек", - деп айтылат маалыматта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: