super.kg logo

COVID-19 илдетине чалдыккан 17 жашка чейинки балдарды дарылоо үчүн 90 орун даярдалууда

 
COVID-19 илдетине кабылган 17 жашка чейинки балдарды дарылоо үчүн 90 орун дайындалат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, балдар үчүн орундар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун экинчи базасында түзүлөт.
"29-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун 2-базасында болду. Министр коронавирус инфекциясынан жабыркаган 17 жашка чейинки балдарды кабыл алуу үчүн бүгүндөн баштап керебеттерди жайгаштырууну тапшырды. Учурда аталган борбордо 90 керебет даярдалууда.
Эми COVID-19 менен ооруган балдар аталган борбордо дарыланышат. Иштөө режими эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин уланат. Буга чейин COVID-19 менен ооруган балдар Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жаткырылып келген.
Кардио-ревматология жана аллергология бөлүмдөрү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун биринчи базасына убактылуу өткөрүлүп берилгенин (Ахунбаев көчөсү 190) эсиңиздерге салабыз. Бейтаптарды ооруканага жаткырууда чектөө бар, "Тез жардам" менен келгендер гана ооруканага жаткырылат", - дешти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: