Америкада тоодо адашып кеткен турист 9 күн бою мөмө-жемиштерди жеп күн өткөргөн
Американын Вашингтон штатындагы Норт-Бенд шаарына жакын жердеги тоого чыккан турист адашып, куткарылганга чейин мөмө-жемиш менен күн өткөргөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
"18-июнда 25 жаштагы Эндрю Деверс тоого чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Куткаруучулар аны издөө иштерин уюштурушкан, бирок натыйжа болбой 25-июнда издөө иштери токтотулган. 27-июнда эртең менен туристти Орто Форк Снукалми дарыясынын жээгиндеги жолдун башталышына жакын жерден жөө күлүк чуркап баратып көрүп калган. Турист аман калуу үчүн дарыядан суу ичип, мөмө-жемиштерди жеген. Ал дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
1:54
2025-07-02

21:12
2025-07-01
20:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.