Түркияга жана Бириккен Араб Эмираттарына кошумча аба каттамдар ачылды
Кыргыз өлкөсүнөн Түркияга жана Бириккен Араб Эмираттарына болгон аба каттамдар көбөйдү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашып, кошумча ачылып жаткан аба каттамдар ар башка авиакомпаниялар тарабынан ишке ашырылып жатканын белгиледи.Ага ылайык:
1-июлдан баштап Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошулуп, аталган багытта аптасына 17 каттам аткарылмакчы.
2-июлдан баштап Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча дагы 3 аба каттамы ишке ашырыла баштайт. Муну менен Стамбул-Бишкек-Стамбул багытындагы аба каттамы аптасына 10 ирет жүргүзүлөт.
6-июлдан баштап Анталия-Бишкек-Анталия багыты боюнча дагы 1 аба каттамы кошулду. Эми бул аба каттамы аптасына (иш күндөрү) 5 ирет жүргүзүлөт.
Ал эми 25-июндан баштап Дубай-Бишкек-Дубай маршруту боюнча дагы 1 каттам кошулду. Эми бул багытта аптасына 14 каттам (күн сайын 2 каттамдан) аткарылмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















