super.kg logo

Балыкчыда кирпич жүктөп бара жаткан КамАздын айдоочусу эки жеңил унааны сүздү. Ал мас абалда болгон

 

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында КамАз унаасынын айдоочусу жол кырсыгын жаратып, эки унааны сүздү. Кырсыктын кесепетинен эки адам жаракат алышып, аймактык ооруканага жаткырылганын Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 27-июнь күнү саат 18:40 чамасында Балыкчы шаарынын Абдрахман менен Спортивный көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

"Балыкчы шаарынын тургуну 37 жаштагы Ж.М. аттуу тургуну КамАз менен ылай кирпич ташып бара жатып Хюндай Соната (айдоочу 25 жаштагы К.А.,Сокулук районунун жашоочусу) жана Мерседес-Бенц Спринтер (57 жаштагы Ш.И.,Каракол шаарынын тургуну) унааларын сүзүп, жолдун жээгине оодарылып калган. Кырсыктын кесепетинен Хюндай Соната унаасынын жүргүнчүсү 40 жаштагы М.Ю. жана КамАздын айдоочусу аймактык ооруканага кайрылган.

Текшерүү учурунда жүк ташуучу унаанын айдоочусу алкоголдук ичимдик ичкендиги аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - дешти мекемеден.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жалпы жол кыймылынын катышуучуларына, унаа каражатын жогорку ылдамдыкта жана алкоголдук ичимдик ичип алып айдабоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: