Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду





Бүгүн, 29-июнда өлкө башчы Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Эки өлкөнүн лидерлери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлганын президенттик администрациядан кабарлашты.
- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия боюнча агенттигинин ортосунда пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Тажикстандын президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери жана спорт комитетинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- "Кабар" кыргыз улуттук маалымат агенттиги менен Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

