Көкөмерен дарыясына агып кеткен 2 баланы куткаруучулар издөөдө
26-октябрда саат 16:50 чамасында Бишкек-Суусамыр жолунун 178-чакырымында жол-унаа кырсыгы болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Көкөмерен дарыясына Ниссан-Террано үлгүсүндөгү автоунаа кулап түшүп, жыйынтыгында 2000-жылы туулган Айпери Досумкулова жана 2001-жылы туулган Бакыт Досумкулов сууга агып кеткен. Учурда аларды Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу издөө иштерин улантууда.
Автор: Жылдыз Жускембаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Журогум эзилип кетти,жаш балдар ай........