"Евро-2020": Германия Англияга жеңилип, турнирден четтеди
Футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/8 финалында Германия менен Англия Лондон шаарында кез келип, оюн 2:0 эсебинде Англиянын жеңиши менен аяктады.
Германиялыктардын дарбазасына биринчи голду 75-мүнөттө "Манчестер Сити" клубунун чабуулчусу Рахим Стерлинг киргизди. Ал эми 86-мүнөттө "Тоттенхэмдин" чабуулчусу Харри Кейн Германиянын курама командасынын дарбазасына экинчи голду киргизип, немис машинасын турнирден четтетти.
Муну менен Англия турнирдин 1/4 финалына чыгып, анда Швецияны жеңип сенсация жараткан Украина менен кез келет.
1/8 финал: Англия - Германия (2:0);
Голдор: Рахим Стерлинг (75-м), Харри Кейн (86-м).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Real98

30.06.2021. 12:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ көзү ачыктык кылган, Германия чайнап таштайт дегендер кана? Ит эле болдуңар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.