super.kg logo

Ысык-Көлдө жеңил унаа толугу менен күйүп кетти (сүрөт)

 
Ысык-Көл облусунда жеңил унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-июнга караган түнү саат 02:20 чамасында Балыкчы шаарынын Токтосунов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда турган Toyota Estima үлгүсүндөгү унаадан өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен.
Өрт болгон жерге Балыкчы шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бригада тартылып, саат 02:40та чектөөгө алынып​, 02:59да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: