super.kg logo

Москвада эмделбеген жарандарга коомдук транспортко кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн

 

Москва облусунун бийлиги 1-июлдан тарта коомдук транспортко кирүү QR-коду аркылуу гана жеткиликтүү болот деген чечим чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу Москва облусунун саламаттыкты сактоо министри Светлана Стригунковага шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.

"Жүргүзүлүп жаткан бардык чаралар коронавирус инфекциясынын жайылышын азайтууга мүмкүнчүлүк берет деп үмүттөнөбүз. Бирок белгилей кетсем, күтүлгөн натыйжага жетпесек, Москва облусунун саламаттыкты сактоо министрлиги 1-июлдан тарта кошумча чектөө чараларын сунуштайт. QR-коду бар Москва районунун тургундары гана коомдук транспорт колдоно алышы мүмкүн", - деген Стригункова.

Буга чейин Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев 28-июндан баштап коомдук тамактануучу жайларга баруу үчүн QR-код системасын киргизген. Ага ылайык, эмделбеген жарандар тамактануучу жайларга кире алышпайт. Чектөөлөр жайкы верандаларга колдонулбайт. Ошол эле учурда QR-коду бар коноктор бөлмөдө бет капсыз жана кол капсыз жүрө беришсе болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.06.2021. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Документи жок мигранттарга эле кыйын болот экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: