super.kg logo

Араванда 12 жаштагы баланы өлтүрүүгө шектелген өспүрүм эки айга камалды

 

25-июнда Ош облусунун Араван районунда 12 жаштагы бала киши колдуу каза болгон. Аны өлтүрүүгө шектелип 27-июнда 16 жаштагы жээни кармалган. Ал эки айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июнда Араван райондук соту шектүү Ю.А.ны 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандаган, тагыраагы ал 28-августка чейин камакка алынды.

"Шектүү аталган РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан Жалал-Абад шаарындагы тергөө абагына которулган. Камакка алынуусунун себеби жасаган кылмыш иши оор кылмышка кирет жана коомго коркунуч келтирет", - деп билдиришти аталган соттон.

Окуянын чоо-жайы:

25-июнда Араван райондук ооруканасына 55 жаштагы таякеси асынып алды деп 12 жаштагы баланы алып келип, бирок дарыгерлер анын каза болуп калганын аныктап, милицияга кабарлашкан.

Милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө баланын киши колдуу каза болгону такталып, кылмышты жасаган шектүү изделип баштаган.

27-июнь күнү баланы өлтүргөн деген шек менен 16 жаштагы Ю.А. аттуу өспүрүм бала кармалганын, ал маркумдун жээни экендиги маалым болгон. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө маркумдун жашаган үйүнөн жалпы суммасы 900 миң сомго жакын накталай акча жоголгондугу аныкталган. Шектүү ал акчаны Араван районунун Юсупова айыл аймагынан Ак-Сарай айылындагы бактын ичине каткан.

Милиция шектүүнү суракка алган учурда, ал 25-июнь күнү Юсупова айыл аймагындагы үйдөн тууганынын акчасын уурдап жатканда бала көрүп калгандыктан, кылмышты жашыруу үчүн аны өлтүргөндүгүн толугу менен моюнга алган.

SUPER.KG порталы Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Шукирилло Файзуллаевге байланышканда, 12 жаштагы баланын ата-энеси Бишкекке иштегени кеткенин, ал айылда чоң ата, чоң энеси менен жашап келгенин айтып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.06.2021. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур, кайран бала.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: