"Евро-2020": Швеция-Украина беттешинде Орусиянын желегин көтөргөн көрүүчү украиналыктар тарабынан сабалды



Футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/8 финалындагы Украина-Швеция беттешинде Орусия курамасынын формасын кийип, желегин көтөрүп турган күйөрман украиналыктар тарабынан сабалды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Глазго шаарындагы стадиондо Орусиянын желегин көтөрүп стадионго келген күйөрман украиналыктарга жаккан эмес. Жыйынтыгында алар орусиялык жарандын футболкасын айрып, желегин тартып алышкан.
Бул беттеште Украина 2:1 эсебинде жеңишке жетип, турнирдин 1/4 финалына жолдомо алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.