Кара-Сууда 44 жаштагы тургун өз каалоосу менен "Якын-инкар" агымынан чыкты
Ош облусунун Кара-Суу районунда сот жоопкерчилигине тартылып, учурда каттоодо турган Кара-Суу районунун 44 жаштагы тургуну өз каалоосу менен “Якын-инкар" агымынан чыкты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал өзүнүн видеокайрылуусун билдирип, мындан кийин бул агымга эч кандай тиешеси жок экендиги боюнча кайрылуу жасаган.
Аталган жагдай боюнча, ал жаран менен алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кара-Суу РИИБинин Мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы аракеттенүүчү кызматынын каттоосунан чыгарылган.
Азыркы күндө райондун аймагындагы ушул жаранга окшоп адашып, башка жолго кетип калган жарандар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.