super.kg logo
  Саясат  

"Акыркы учурда COVID-19дан көз жумгандарга министрлер кабинети күнөөлүү" дейт депутат

 

"Акыркы учурда COVID-19дан көз жумгандарга министрлер кабинети күнөөлүү". Мындай пикирин депутат Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Депутатты жыйынга министрлер кабинетинин башчысы же орун басары келбегени нааразы кылды.

"Күнүнө 5-6 адам каза болуп жатат, министрлер кабинети эч нерсе болбогонсуп унчукпай уктап отурат э. Башка өлкөлөр 70-80 пайыз элин эмдеп алышты. Индияда айына 72 миллион адамды эмдеп жатышат. COVID-19дан көз жумгандарга министрлер кабинети күнөөлүү да, элден кечирим сурап "убагында эмдей албай калдык" деп кетип калышы керек эле. Кытай вакцина берген да, бир айдан бери алып келе албай жатышат. Бул кайдыгерлик, буга ким жооп берет министр өзү жок болсо", - деди Нурбаев.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев вакцинага байланыштуу биздин өлкөдөгү абалга Индиядагы пандемия себеп болду.

"Индиядагы пандемия бизде вакцина алууга тоскоолдуктарын берди. Анткени бизге Индияда өндүрүлгөн вакцина келиш керек эле, алар өздөрүндөгү абалга байланыштуу бизге вакцинаны жиберүүнү токтотуп койгон. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму башка өлкөдөн бизге вакцина жиберүүсүн суранып жатышат, азыр Щвейцариянын вакцинасын күтүп отурабыз деди", - Рахматуллаев.

"Иштеп аракет кылган өлкөлөр элин сактап калды, силер уктап жаттыңар. Силер күнөөлүүсүңөр", - деди Нурбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: