super.kg logo

Нарында эки дос мас абалда уруша кетти. Ооруканага кайрылган жаран арыз жазуудан баш тартты

 
Социалдык тармактарда Нарын шаарында жаш балдар арасында массалык мушташ болду деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашып, окуянын чоо-жайын билдиришти.
Анда 28-июнга караган түнү саат 00:10 чамасында Нарын шаарынын "Көлбай" дүкөндүн астында балдар мушташып жатат деген билдирүү келип түшкөн.
"Жерине ыкчам тергөө тобу барган учурда 25-30 жаш чамасындагы эки жаран бири-бири менен сөзмө-сөз урушуп, белгисиз автоунаага түшүп кеткендиги маалым болгон. Арадан көп убакыт өтпөй Нарын облустук бириктирилген оорукананын сынык-жаракат бөлүмүнө 1988-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну Б.Р. кайрылганы, ал кызуу абалында экени аныкталган. Ал дүкөндүн жанында дос баласы менен уруша кеткенин айтып берген.
Укук коргоочулар окуяны толук кандуу териштирүү үчүн эртеси күнү Б.Р.нын үйүнө барган. Анда жаран ошол күнү дос баласы менен чогуу спирт ичимдигин ичкенин, окуя боюнча эч нерсе эсинде жок экенин жана эч ким уруп-сабабаганын, денесинен эч кандай оор жаракат албаганын билдирип түшүнүк берүүдөн жана арыз жазуудан баш тарткан. Бул тууралуу акт түзүлүп колдору коюлду", - деп кабарлашты мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: