super.kg logo

Маркумдун абактан чыкканына бир күн болгон. Ысык-Атада эжеси бир тууган инисин муунтуп өлтүргөнгө шектелүүдө

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда киши өлтүрүүгө шектелип маркумдун бир тууган эжеси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 30-июнь күнү Ысык-Ата РИИБине Сары-Жон айылындагы сарайлардын биринен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган.

Милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анда жаракаттар байкалып, ал 1985-жылы туулган М.А. аттуу жаран экендиги такталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон жарандын 1982-жылы туулган бир тууган эжеси кармалган.

"Териштирүү учурунда каза болгон жаран 29-июнь күнү абактан бошоп чыгып, жакындары менен түлөө өткөрүшкөн. Эртеси эжеси экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, эжеси аны жип менен муунтуп салган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды", - деп жазылат ОИИББинин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
01.07.2021. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: