super.kg logo

Бишкекте камакта жаткан жаранды чыгарып беребиз деп 65 миң доллар акча алып, из жашырган шектүүлөр кармалды

 

Бишкекте алдамчылыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын 17-апрелинде болгон. Анда шектүүлөр жабырлануучуга өздөрүн УКМКнын жетекчилигинин ишенимдүү адамдары катары тааныштырып, УКМКнын СИЗОсунда камакта жаткан жакынын чыгарып берүүнү жана анын ишин кыскартып бере ала тургандыгын айтып, 65 миң доллар сурашкан. Андан соң акчаны алып качып кетишкен.

22-июнда жабырлануучу милицияга арыз жазган. Октябрь РИИБинин кызматкерлери көп өтпөй 1998-жылы жана 1997-жылы туулган эки жаранды кармашкан. Алардын баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жарандардан жабыркагандар болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 (709) 414-941 жана 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.07.2021. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакыны коррупционер болсо керек э.65мин доллар чала тааныш бироого кармата берсе.
02.07.2021. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көзүн жаап койсоңор ким тааныйт буларды?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: