super.kg logo

Бензин 51 сом: Узак жолдо күйүүчү майды кантип үнөмдөөгө болот?

 

Көпчүлүк адамдар жай мезгилинде алыскы жактарга барып эс алууну каалашат. Учурда унаа менен саякаттасаңыз арзан эмес. Мындай учурда күйүүчү майды үнөмдөөнүн бир нече жолдору бар экенин орусиялык унаа адиси Егор Васильев жергиликтүү басылмалардын бирине айтып берген.

Анын айтымында, унааны алыс жолдо кескин ылдамдатуудан жана ылдам токтотуудан алыс болуш керек. Ал эми өйдөгө аз чыгым менен чыгуу үчүн төмөн түшкөндө унаанын ылдамдыгын тездетип алыш керек.

Эксперттин айтымында, саатына 90-100 чакырым ылдамдык күйүүчү майды оптималдуу сарптоо болуп саналат. Эгер тезирээк жеткиңиз келсе, анда унааңыз күйүүчү майды көбүрөөк сарптайт. Ошондой эле кондиционерди жана музыканы өчүрүү менен дагы күйүүчү майды үнөмдөөгө болот.

Эксперт унаага сапаттуу күйүүчү май куюу менен дагы күйүүчү майды үнөмдөөгө болорун баса белгилеген.

Кыргыз өлкөсүндө күйүүчү майдын баасы барган сайын жогорулап жатат. Бүгүн, 1-июлга карата Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-92 бензининин баасы болжолдуу 51 сомду түзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
01.07.2021. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кондиционерго мейли,музыка эя качан расходко таасир этпейт.Ошол орусунарга айтып койгула.
01.07.2021. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айттым ошо эмнегедир бензиним копко жетбейт десе музыка га кетет экенда
01.07.2021. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кысталаак азыркы унаалардын магинитафону да бензин жеп калган турбайбы. Мен укчу элем фараны жагып жүрүү да расход кылат бирок өтө билинер билинбес болот дешчи эле эми музыкасы да кошулган тура.
01.07.2021. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Музыкага алаксып бутубуз газга тийип калат деген чыгаар. Холостой баратканда.
01.07.2021. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Круиз контроль эн сонун эконом кылат экен!
02.07.2021. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колонкасы күчтүүлөр (усилитель) токту көп сарптайт, фараны жаккандай эле. Рульдун гидравликасы, кондиционер, генератор булардын баары ремень менен туташат моторго. Ошондо моторго канчалык күч келген сайын газ басылат естественно расход көбөйөт да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: