Бразилияда май ташыган унаанын жарылуусунан 15 адам жаракат алды
Бразилиянын Сан-Паулу штатында май куюучу жайлардын бириндеги жарылуудан 15 адам жаракат алды, алардын экөөсүнүн абалы оор. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирет.
Шаршемби күнү кечинде май куюучу жайда жүк ташуучу унаа жарылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жарылуу май ташуучу унаадагы цистернадан чыккан.
"15 адам куткарылды, анын ичинде экөө оор абалда. Жарылуудан жабыркагандарга куткаруучулар жана медицина кызматкерлери жардам көрсөтүшкөн. Жарылуудан май куюучу жайга, жакын жайгашкан ресторанга жана аймактагы бир нече үйлөргө зыян келтирилген", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:00
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.