super.kg logo

"Ишеним" партиясынын талапкерлери Бишкекти өнүктүрүү программасына токтолду (видео)

 

Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышып жаткан “Ишеним” саясий партиясынын талапкери Рыспай Аматов жана Таалайбек Дайырбеков коомдук биринчи каналдын түз эфиринде шайлоочуларга кайрылып, партиянын программасы менен кенен тааныштырды.

Талапкер Рыспай Аматов өз сөзүндө буларга токтолду: “Ишеним партиясынын өзөгүн жаш, чечкиндүү, тажырыйбалуу, кесипкөй адистерден куралды. Бул курам баш калаадагы көйгөйлөдү жөн гана сыртынан карап, курулай сынга албастан, ошол кемчиликтерди жоюп, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун тапкан адистерден турат. Бишкектин негизги көйгөйү - бул баш аламан курулуштар жана экология. Ишеним партиясынын курамындагы ар бир инсан куру убада менен элди алдоодон алыс. Биздин милдет, моюнубузга алган жоопкерчиликти аткаруу. Биздин көпчүлүк мүчөлөрүбүз калың элдин катарынан чыккан карапайым адамдар. Биз ар бир шайлоочубузду сыйлайбыз. Шаарыбыздын жаркын келечеги, бакубат турмушубуз үчүн биздин партияга добуш берүүгө чакырып кетем”.

Ал эми Таалайбек Дайырбеков болсо шайлоочуларга төмөнкүдөй кайрылуу жасады: “Менин атым Таалайбек Дайырбеков, мен Бишкек шаарында төрөлүп, өстүм. Менин балалык чагым Свердлов районунда өттү. Мен шаарыбыздын көйгөйлөрүн айттырбай билем, ошондуктан мен төмөнкү багыттарда иштеп келгем жана иштей берем: • Жол транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү. • Коомдук транспортту жакшыртуу. • Турак жай-коммуналдык чарба тутумун модернизациялоо. • Билим деңгээлин көтөрүү. Бул кечиктирүүгө болбой турган орчундуу тапшырмалар. Ошондуктан, Бишкек шаардык Кеңешине көптөгөн жылдар бою топтолгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн барам! Бул багыттар менин тандоом эмес. Ушул негизги пункттарды ишке ашыруу менен биз Бишкекти бара-бара жашоого ыңгайлуу жана жагымдуу шаарга айлантабыз деп ишенем!”

Ал эми Таалайбек Дайырбеков болсо шайлоочуларга төмөнкүдөй кайрылуу жасады:

“Менин атым Таалайбек Дайырбеков, мен Бишкек шаарында төрөлүп, өстүм. Менин балалык чагым Свердлов районунда өттү. Мен шаарыбыздын көйгөйлөрүн айттырбай билем, ошондуктан мен төмөнкү багыттарда иштеп келгем жана иштей берем: • Жол транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү. • Коомдук транспортту жакшыртуу. • Турак жай-коммуналдык чарба тутумун модернизациялоо. • Билим деңгээлин көтөрүү. Бул кечиктирүүгө болбой турган орчундуу тапшырмалар. Ошондуктан, Бишкек шаардык Кеңешине көптөгөн жылдар бою топтолгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн барам! Бул багыттар менин тандоом эмес. Ушул негизги пункттарды ишке ашыруу менен биз Бишкекти бара-бара жашоого ыңгайлуу жана жагымдуу шаарга айлантабыз деп ишенем!”

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 01.07.2021).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: