super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Унгар-Тоодогу станция тууралуу фотобаян

 
Унгар-Тоого чыкчу жол
Тоо деңиз деңгээлинен 1947 метр бийиктикте турат.
Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер Токон Мамытов Унгар-Тоодогу ретрансляциялоо станциясынын абалы, андагы жумушчу-кызматкерлердин иши менен таанышты.
Бул станция аркылуу түштүк аймакка 5 телеканал, 5 радио трансляцияланат.
Бул станция аркылуу түштүк аймакка 5 телеканал, 5 радио трансляцияланат.
Станциянын ички көрүнүшү
Станциянын ички көрүнүшү
Кызматкерлер эки айда бир кезектешип ушул бөлмөдө иштешет.
Элди маалымат менен камсыз кылган атайын приборлор
Кызматкердин иш орду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын аймагындагы Унгар-Тоодо жайгашкан ретрансляциялоо станциясы өлкөнүн түштүк аймагына Орусиянын ОРТ, РТР, жергиликтүү КТРК, ЭлТР, ЖТРК телеканалдарын көрсөтөт. Андан сырткары өлкөдөгү 5 радионун уктуруусун трансляциялайт. Унгар-Тоонун жалпы аянты 45 гектарды түзүп, деңиз деңгээлинен 1947 метр бийиктикте турат.   

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында аталган ретрансляциялоо станциясына өзбекстандык 60 чек арачы тик учак менен барып, станциянын такталбаган аймакта жайгашканын айтышкан. Алар ал жердеги кызматкерлердин аты-жөнүн текшерип, тескөөгө алышкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, коңшу өлкөнүн аскерлери 7 күндөн кийин тоого сайган желегин алып, Аксынын аймагынан чыгып кетишкен. Бул арада аймакта абал бир топ курчуп барып басылды. Аксы районундагы "Аксы районун коргоо кыймылы" КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытовдон 7-октябрда Аксыга барып, чек ара боюнча элге маалымат беришин талап кылышкан эле. Токон Мамытов аксылыктарга 23-октябрда барып жолукту. Унгар-Тоодо жайгашкан аталган станция боюнча фоторепортажды сунуштайбыз. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: