Эл артисти Балбай Алагушов катуу оорудан улам дүйнө салды
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Балбай Алагушов бүгүн, 1-июлда дүйнө салды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, ал 85 жаш курагында катуу оорудан улам каза болду.Балбай Алагушов 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган. Ал кыргыздын тунгуч музыка таануучусу, эл агартуунун отличниги, журналисттер союзунун, композиторлор союзунун, жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз радиосунун алтын казынасынын уюштуруучусу, кыргыздын залкар ырчыларынын, комузчуларынын, кыл кыякчыларынын аткаруусундагы ыр-күүлөрдү өздөрүнүн аткаруусунда тасмага жаздырып, алтын хорду түптөөгө салымын кошкон.
1959-жылы Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги КМУнун) филология факультетин, 1973-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн;
1959-1965-жылдары алгачкы иш тажрыйбасын "Кыргызстан пионери" гезитинде бөлүм башчылык кызматынан баштаган;
1965-1985-жылдары Кыргыз улуттук илимдер академиясынын философия жана укук институтунун эстетика жана өнөр таануу секторунда илимий кызматкер болгон;
1985-1998-жылдары "Кыргызстан", "Адабият" басмаларында бөлүм башчы болуп иштеген;
1997-жылдын 7-июнунан тартып “Азаттык үналгысы” аркылуу кыргыздын чыгаан композиторлорунун, акындарынын, ырчыларынын, күүчүлөрүнүн, комузчуларынын, кыякчыларынын өнөрүн элге таанытып, кыргыз улуттук көркөм музыкасынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон;
“Кыргыз музыкасы” энциклопедиясынын жана башка публицистикалык, көркөм илимий китептердин, орто мектептер үчүн музыка сабагы боюнча окуу куралдарынын автору.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Балбай Алагушовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:18
2026-03-04
Рейтинг:
1
1
Комментарийлер(2)
algakaray
01.07.2021. 23:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчи Балбай атабыздын кемпири каза болду андан эки уч кун отуп эле озу каза болду. Жаткан жерлери жайлуу болушсун. Бейиштен орун бер аллахым.
Nur777
02.07.2021. 01:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун,бейиштен орун алсын...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















