super.kg logo

TikTok тиркемеси 13 жашка чейинки балдарга таандык делинген 7 миллиондон ашык аккаунтту өчүрдү

 
TikTok тиркемеси ушул жылдын биринчи кварталында 13 жашка чейинки балдарга таандык деп эсептелген 7 миллиондон ашык аккаунтту өчүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр арасында популярдуу болуп жаткан кызмат 13 жашка чейинки балдарга аккаунттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.
TikTok'тун маалыматы боюнча, биринчи кварталда ар кандай мыйзам бузуулар үчүн жалпысынан 11 миллион 200 миңге жакын аккаунт өчүрүлгөн. Бул видео кызматындагы катталуучулардын 1 пайызына да жетпейт. 3 ай аралыгында ар кандай мыйзам бузуулардан улам дээрлик 62 миллион видео алып салынды.
"Ошондой эле аталган тиркеме аккаунттарды жана профилде жашын көрсөтпөгөндөрдү жок кылат. Социалдык тармакта өчүрүлө турган ушундай миллиондогон аккаунттар бар, аларды жок кылууга убакыт талап кылынат", - деп жазылат маалыматта.
Январь айында TikTok өспүрүмдөрдү коргоого багытталган жаңы эрежелерди киргизген. Эрежелерге ылайык, 16 жашка чейинки бардык колдонуучулардын аккаунттары купуя болуп, тастыкталган абоненттер гана видеолорду көрө алышат жана андагы комментарийлерди калтыра алышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: