super.kg logo

"Биздин Кыргызстан" партиясы: "Бардык муниципалдык кызматтарды санариптештирүү керек"

 

Бишкек шаарында дээрлик бардык муниципалдык кызматтардын санариптештирилишине жетишүү керек. Бишкек шаарынын калкын кеңири камтуу үчүн электрондук төлөмдөрдү да жайылтуу - замандын талабы. Бул тууралуу "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын “Жаратмандар жолу” программасында жазылган.

"Биздин Кыргызстан" партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Алайбек Алымбаев, муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн заманбап, мобилдик, ыңгайлуу бир системаны иштеп чыгуу керектигин айтып берди.

"Биз бардык муниципалдык кызматтарды шаардыктар өз үйлөрүнөн чыкпай ала алышын каалайбыз. Санариптештирүүнүн негизги артыкчылыктарынын бири - иш кагаздарынын көлөмүн жана бюрократияны азайтуу. Колдонмо аркылуу каалаган маалыматты заказ кылса болот жана ошол эле жерде бардык маалыматтарды сактоого жана жаңыртууга болот. Мындан тышкары санарип система адам факторун жокко чыгарып, башкача айтканда, коррупцияны болдуртпайт. Эң башкысы, кызматтарды алууда жарандарга ыңгайлуу шарттар түзүлөт", - деп белгиледи Алымбаев.

Заманбап санариптик инфраструктура мэрия менен жарандар арасында жаңы аянтчаны түзөт. "Акылдуу шаар" болобу же "акылдуу транспорт" болобу, "акылдуу" чечимдерди кеңири жайылтууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. “Биздин Кыргызстан” партиясы муниципалдык кызматтарды санариптештирүүнү жактайт! Ар бир Бишкек шаарынын жашоочусуна ыңгайлуу шарт түзүлүшүн каалайт! Ыңгайлуулук, мобилдүүлүк жана жеткиликтүүлүк үчүн добуш бериңиз! “Биздин Кыргызстан” үчүн добуш бериңиз!

«Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова тарабынан төлөндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: