super.kg logo

Дүйнөдө коронавирус инфекциясы менен жабыркагандардын саны 182 миллиондон ашты

 

Дүйнөдө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын жалпы саны 182 миллион 641 миң 440 адам болгонун Америкадагы Жон Хопкинс университетинен маалымдады.

Маалыматка ылайык, COVID-19 инфекциясын 15 миллиондон ашык эли жуктуруп алган өлкөлөргө АКШ, Индия жана Бразилия кирет. Ооруну жугузуп алган жана каза болгон адамдардын саны боюнча Америка Кошмо Штаттары лидер бойдон калууда, анда жалпы 33 миллион 679 миң 482 адам COVID-19 жуктургандыгы аныкталган жана каза болгондордун саны 605 миң 19га жетти.

Индия вирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча экинчи орунда турат, анда COVID-19 оорусунун тастыкталган учурларынын саны 30 миллион 458 миң 251ге жеткен, ал эми вирус жугузуунун кесепетинен каза болгондордун жалпы саны өлкөдө 400 миң 312 .

Бразилия вирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат, анда пандемия учурунда 18 миллион 622 миң 304 учур катталып, 520 миң 95 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: