super.kg logo

Түштүк Африка Республикасынын мурдагы президенти сотту сыйлабагандыгы үчүн эркинен ажыратылды

 

Түштүк Африканын Жогорку Соту экс-президент Жейкоб Зуманы сотту сыйлабагандыгы үчүн 15 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

73 жаштагы Жейкоб Зума өлкөнү 2009-2018-жылдары башкарган. Анын башкаруу мезгили коррупциялык жаңжалдар менен байланыштуу болгон. Жаңы бийлик ишти териштирүүгө алганда экс-президент сотко бир гана жолу келип, андан кийин сотко катышуудан баш тарткан. Комиссия Конституциялык сотко кайрылып Зума мыйзамды бузду деп чечим чыгарып, ишти Жогорку Сотко өткөрүп берген.

"Зума мырза өзүнүн иш-аракетин түшүндүрүп берүү үчүн сотко келүүдөн баш тартты. Анын ордуна сот тутумунун беделин түшүрүүгө багытталган чагымчыл, татыксыз жана кемсинткен билдирүүлөрдү айтты. Мен Зума мырзага эркинен ажыратуу жазасын берүүдөн башка жол таппай жатам. Бул мыйзамдуулук жана сот адилеттиги баарынан жогору турарына далил болот", - деп билдирген Жогорку Соттун төрагасы.

Жейкоб Зумага мамлекеттик келишимдерде пара алган, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланган жана мамлекет кирешелерин менчиктештирген деген айыптар боюнча 16 айып коюлган. Оппозиция парламентте Зумага импичмент жарыялоо маселесин жети жолу көтөрүп, бирок жетиштүү добуш топтой алган эмес. Акырында Зуманын кызматтан кетишин өзүнүн партиясынын жетекчилиги талап кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: