super.kg logo
  Спорт  

"Евро-2020": Италия күчтүү делген Бельгияны жеңип, жарым финалга чыкты

 

Бүгүн, 3-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/4 финалынын алгачкы жуптук оюндары болуп өттү.

Анда Мюнхен шаарында Италия курамасы менен Бельгия кез келип, оюн 2:1 эсебинде италиялыктардын жеңиши менен аяктады. Оюндагы жалпы 3 голдун баары тең биринчи бөлүктө жаралды. Экинчи бөлүктө Бельгия канчалык ылдам оюн уюштурбасын, эсеп санын өзгөртө алган жок.

Муну менен Италия турнирдин жарым финалына чыкса, фаворит болуп жаткан Бельгия үйүнө кайтууга аргасыз болду. Эми жарым финалда Италия Испания курама командасы менен кез келет.

Италия - Бельгия (2:1);

Голдор: Николо Барелла (31-м), Лоренцо Инсинье (44-м), Ромелу Лукаку (45+2-м).






Бельгия - Италия (1:2)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: