Ошто жоголуп кайра табылган 2 жарым жаштагы Эльзана: Шектүү делинип Алайдын тургуну кармалды
Кечээ, 2-июлда жоголуп кайра табылган 2 жарым жашар Эльзана аттуу кызды ээрчитип кеткенге шектүү катары Алай районунун 1983-жылы туулган тургуну кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 170-берененин ("Адам уурдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Жүргүзүлгөн оперативдик иш-чаралардын натыйжасында жоголгон эки жарым жашар кыз Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Жүргүзүлгөн алгачкы тергөө амалдарында белгилүү болгондой, видео байкоодо кызды ээрчитип бараткан 35-40 чамасындагы кебетеси азиалык болгон жарандын аты-жөнү аныкталды. Ал Ош облусунун Алай районунун 1983-жылы туулган Ч.А экени такталып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма өз кызматынан.
Учурда наристе кызга тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Шектүү катары кармалган Ч.А Ош шаардык ишчи иштер башкармалыгынын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Буга чейин Ош шаардык мэриясы 2 жарым жашар кыз жоголгонун билдирип, кийинчерээк кыз аман-эсен табылганын кабарлаган.
Ошто 2 жарым жаштагы кыз жоголду


1 |