Кыргызстандык дзюдочу Болот Токтогонов Словенияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда биринчи кармашта жеңилди
23-27-октябрь аралыгында Словениянын Любляна шаарында жаштар арасында өткөн дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык Болот Токтогонов (100 килограмм салмакта) биринчи кармашта жеңилди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирди. Болот Токтогонов биринчи кармашта канадалык Кайл Рейес аттуу дзюдочу менен кез келип, утулуп калган. Мелдеш жыйынтыгында 100 килограмм салмакта дал ушул канадалык Кайл Рейес чемпион аталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.